18:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Мекеним Кыргызстан» партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов, эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн албетте маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн«, — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов.

Эске салсак, «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин каралган.

Мекендин кадыры алыстан билинет

— Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды.

Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл.

Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

— Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу;

— Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта — «Мекен Карт» берүү;

— Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетүү;

— Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын — мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума