14:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районундагы М.Жакыпов көчөсүндө кытай боз үйү толугу менен күйгөн. Ал эми Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү № 78б, 32-батирдин ашканасында бир даана микроволновка жана ашкана эмереги күйгөн. Чүй облусунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү маданият үйүндө 10 даана күрөш маттары күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар