11:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ноокат эли «Мекеним Кыргызстан» партиясын жогорку деңгээлде тосуп алды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени Ош облусунун Ноокат районуна жетти. Партиянын Ибрагим Жунусов, Искендер Матраимов, Алишер Козуев баштаган талапкерлеринин тобу ноокаттык шайлоочулар менен жолугушту.

Өлкөнүн башка көпчүлүк аймактары сыяктуу эле Ноокат районунда да чечилбеген социалдык маселелер арбын. Аймакта тышкы миграцияга байланышкан маселе да курч. Иш жоктугунан элдин көбү жакынкы чет өлкөлөргө иш издеп кеткен. «Мекеним Кыргызстандын» тизмеси менен Жогорку Кенештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан ишкер Акжол Жоомарт уулу жергиктүү тургундарды жумуш менен камсыздоо учун бир нече ири жана чакан тигүү цехтерин ачууну сунуш кылды. Анын айтымында, мындай кадам сыртка агылып жаткан жумушчу күчтүн санын азайтууга өбөлгө болот.

«Биздин өлкөнү өнүктүрө турган, экономиканы көтөрө тургандар булар жаш ишкерлер. Мамлекет аларга өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Ишкерлер казынага салык төккөндөн сырткары, көптөгөн жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылышат. Бул сырт жакка агылып кетип жаткан мигранттарыбыздын азайышына шарт түзөт», — деди Жоомарт Акжол уулу.

Дагы бир талапкер Искендер Матраимов ноокаттыкарды партиянын алдыга койгон максаттары менен тааныштырды. Саясий биримдиктин программасы өлкө ичиндеги бардык маселелерди камтып, аларды чечүү жолдору да каралган. Мисалы, Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын 2 эсеге кыскартып, мамлекеттик органдардагы бири-бирин кайталаган функцияларды жоюу зарыл.

«Чакан өлкөбүзгө 120 депутат көптүк кылат экен. Эл алдында Жогорку Кеңештин аброю түшүп жатканынын бир себеби да ушул. Бизге 60 эл өкүлү жетиштүү. Биз парламентке барсак эң алгач референдум өткөрүү менен ушул маселени эл алдына алып чыгууга киришебиз», — деди Искендер Матраимов.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө түрткү боло турган тармактардын сап башында — айыл чарба тармагы турат. Мекеним Кыргызстан саясий партиясы агрардык секторду өнүктүрүү сунуштарын да эл алдына алып чыкты. Саясатчылар дыйкандарга үрөн себүү учурунан тарта, аны жыйнап сатууга чейин мамлекет колдоо көрсөтүп туруш керектигин белгилешти.

Ноокат районунун көпчүлүк тургундары алдыдагы шайлоодо кайсы партияга добуш берерин жашырышкан жок. Алар «Мекеним Кыргызстан» партиясында буга чейин эл үчүн ак кызматын өтөп келе жаткан талапкерлер чогулгандыгын белигилеп, шайлоодо дал ушул саясий биримдикти колдоорун билдиришти. Жолугушууга келген миңдей шайлоочу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин ак батасын берип узатышты.

«Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби