18:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Шайлоо-2020. Депутаттыкка талапкер Марат Аманкуловдун атына даттануу туштү

Жарандык активистер «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер Марат Аманкуловго даттанып Боршайкомго арыз жазышты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

2019-жылы Марат Аманкулов Москвада өткөн иш-чарага сөз сүйлөп катышканы үчүн жигерчилер анын талапкерлигин шайлоодон алып салууну суранууда. Алардын айтымында, Аманкулов өз сөзүндө өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө шек салдырып сүйлөгөн, мандатка ат салышып жаткан талапкер мындай билдирүүлөрдү жасоого укугу жок. Боршайком жигерчилердин арызын караштырууга убадалады.

Эске салсак, социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сөзүн видеого тартып, таркатышкан. Ал «Отуз жылдын тажрыйбасы кайрылышыбыз керектигин көсөттү. Эркин жүрүү жакшы, бирок үйүбүздө болгонубуз андан да жакшы» деген. Социалдык тармактардын пайдалануучулары анын бул сөзүн Кыргыз Республикасын Россия Федерациясынын тутумуна киргизүү аракети катары кабыл алышты. Марат Аманкулов өз билдирүүсүндө анын бул сөзүн контекстиден сууруп чыгып, ага каршы чагым уюштуруу аракети экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума