07:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Мекеним Кыргызстандын» талапкерлерин аравандыктар жогорку деңгээлде тосуп алды

Аймактарда логистикалык борборлорду куруу жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашыруу зарыл. Мындай демилгени «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан талапкерлер Араван районундагы шайлоочулар менен жолугушууда айтты.

Аравандыктардын көпчүлүгү негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенет. Алардын кирешесин арттыруу үчүн өлкөнүн ар бир аймагына логистикалык борборлорду куруу керек. «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери Араван эли менен жолугушууда партиянын программасындагы ушул жана башка пландары менен тааныштырды.

Аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан Ибрагим Жунусовдун айтымында, балдарга жөлөк пул берүү тартибин түп тамыры менен өзгөртүү керек. Анткени айрым үй-бүлөлөр үйүндө телевизору болгону үчүн жөлөк пул ала албай калган учурлар көп. Мындан сырткары «Баатыр эне» наамын берүүдө дагы айрым эрежелерди жоюу зарыл.

«Кыргызстандын кайсы аймагында болбосун көпчүлүк учурда энелер жөлөк пул ала албай жаткандыгын айтып даттанып жатышат. Айрым ата-энелер үйүндө сыналгысы болсо, же короосунда бир-эки малы болгону үчүн жөлөк пулсуз калган учурлар көп. Мындай болбошу керек. Кыргызстанда төрөлгөн ар бир бала мамлекеттин камкордугуна алынууга тийиш. Мындан сырткары балдарынын бирөөсү жаза тайып ар кандай себептер менен жазага тартылып калганы үчүн кээ бир энелер «Баатыр эне» наамын ала албай калышат. Бул адилеттүүлүк эмес. Балдарынын жүрүм-туруму үчүн ата-энелери жооп бербейт», — деди Жунусов.

Партия лидери Мирлан Бакиров өз кезегинде атаандаштарды таза күрөш жүргүзүүгө үндөп, ыплас технологияларды колдонбоого чакырды. Төрага мыйзамдын негизинде шайлоо өткөрүү «Мекеним Кыргызстандын» негизги принциптеринин бири экендигин баса белгиледи.

Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума