12:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Ысык-Көл облусу тосуп алды

22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров баш болгон талапкерлер жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуу шаардык стадиондо өтүп, 1000ге чукул жергиликтүү эл катышты.

Партия лидери өз сөзүндө жылуу кабыл алган Ысык-Көл облусунун тургундарына ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда мындан ары да өнүктүрүү зарыл болгон бир нече тармактар бар.

«Ысык-Көл облусунда туризм гана эмес, мамлекеттин экономикасына салым кошкон бир нече тармактар бар. Ошол эле Кумтөрдү мисалга алсак болот. Мындан сырткары Сары-Жаз дарыясына кеминде 4-5 ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул нерсеге геосаясат тоскоол болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу коңшу мамлекеттер менен макулдашууга толук шарттар бар. Биздин партия парламентке келсе мына ушул долбоорду ишке ашырууга киришет», — деди Бакиров.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев Ысык-Көл облусундагы жайкы туризмди гана эмес, кышкы, медициналык туризмди да өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи.

«Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө келген туристтердин санын мындан ары да арттырышыбыз керек. Бирок жайкы туризм менен эле токтоп калбай, жылдын ар бир мезгилинде Ысык-Көлдүн туристтер үчүн эшиги ачык болушу зарыл. Ошондой эле туристтер бул жакка келип өзүнүн ден соолугун чыңдап кетиши үчүн медициналык туризмди да жайылтуу пландарыбыз бар», — деди Сарбагышев.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар