11:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жыргалбек Турускулов: Ашыкча чиновниктерди жоюп, ыкчам иштеген өкмөт түзөбүз

— Жыргалбек мырза, 6-чакырылышта депутат болгонсуз. Депутаттын милдетин, түйшүгүн жакшы билесиз. Кудай буюруп, мандатка ээ болсоңуз кайсыл маселенин алкагында иш алып барууну пландап жатасыз?

— Элдин түйшүгүнүн жеңилдешине салым кошсом деген бир канча планым бар. Кудай буюруп, депутат болуп калсам, а дегенде эле түндүк-түштүк альтернативдүү стратегиялык жолду көзөмөлдөп, эртерээк бүтүрүүнүн аракетин көрөм. Ошондой эле казылып жаткан кен байлыктардан экономиканы көтөрүүгө кошкон салымын көзөмөлгө алам. Кара-Кечеге ТЭС, батыш менен байланышты күчөткөн темир жол курууну тездетүүнү өкмөттөн талап кылам.

— Энергетика тармагындагы таңкыстыкты жоюу үчүн кичи жана чакан ГЭСтерди курушубуз керекпи же ансыз деле маселе чечип алсак болобу?

— Кыргызстан сууга бай өлкө. Чакан жана чоң ГЭСтерди сөзсүз курушубуз керек. Бизде электр энергиясын өндүрсө боло турган сууларыбыз, чакан дарыяларыбыз жетиштүү. Мисалы Көкөмерен дарыясына ГЭС куруп, Нарын дарыясына дагы 500 мегабаттык ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Энергетикалык коопсуздукту бекемдеш үчүн сөзсүз ГЭСтерди курушубуз керек. Бул маселе боюнча 6-чакырылышта мыйзам жазылып, президент кол коюп берген. Буюрса, жаңы мыйзам күчүнө кирип, ГЭС курууга шарт түзүлдү.

Баса, бир-эки жылдан кийин касса 1000 долбоорунун алкагында Афганистан менен Пакистанга дагы энергетиканы экспорт кылышыбыз керек. Ал үчүн өзүбүздө өндүрүм көп болушу керек. Ошон үчүн ГЭС курдурууну да колго алып, көзөмөлдү күчөтөм.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында ишкерлерге жеңилдик берүү маселеси көтөрүлүптүр. Сиздер кеп кылган жеңилдик инвесторлордун келишине шарт түзөбү?

-Иштин башы-ишкерлик дегендей ишкерлерге да жеңилдик берип, бирдиктүү гана салык төлөтүүнү колго алышыбыз керек. Ишкерлерге түзгөн саясатыбыз инвесторлорго да түшүнүктүү болушу керек. Мындай кадамдарга барганыбызда гана инвесторлор көп келет. Мамлекетибиздин абалы жакшырат.

— Баса, эмне үчүн башка партияны эмес, «Мекеним Кыргызстан» партиясына басым койдуңуз?

— «Мекеним Кыргызстан» партиясы жаңы партия болгону менен Шаардык кеңештерде депутаттары бар. Ошондой эле бир муштумдай түйүлүп иштеген, ар тараптан чогулган, илимге, билимге сугарылган, иштин көзүн билген команда түзүлдү. Партиянын курамын, команданын күчтүүлүгүн эске алып, «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барайын деп чечтим. «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоодо жеңишке жетсе, мамлекет өзгөртүүгө, өнүгүүгө багыт алат. Биз утуп келер замат мамлекетти өнүктүрүүнү колго алган реформаны баштайбыз. Кыргызстандагы ашыкча чиновниктерди жана бири-бирин кайталаган кызмат орундарын жоебуз. Мисалы 400 миң чиновникти кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты зарыл маселелерди чечүүгө жумшайбыз. Мындан тышкары губернатор институтун жок кылып, ыкчам иштеген, ишинен тез жыйынтык чыгарган өкмөттү түзөбүз. Биз кардиналдуу өзгөрүүгө барып, өнүккөн Кыргызстанды курууга киришебиз.

Урматтуу шайлоочулар 4-октябрь күнү, 4 орунда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз ийгиликке жетсек, мамлекет жеңишке жетет.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар