08:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ахматбек Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгү-келечектин кубатын жаратуу

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын спикери, депутат, саясатчы Ахматбек Келдибеков «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер өзүнүн мамлекеттеги куруу жагы 7 өзөктүү маселе бар экендигин айтты.

— Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган 7 өзөктүү маселе бар. Алар:

1

Адилеттүүлүк

Адилеттүүлүк азыркы күндөѳ өлкөбүздөгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү — эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмөйүн, биздин демократиялык дөөлөттөр тууралуу сөз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. 

2

Акыйкаттык

Улуттук айкөлдүк сапатты сактоо — ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дөөлөттөрүнө ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт!

3

Айкөлдүк

Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттардын мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор.

4

Мекенчилдик

Уюткулуу журт мекенчил болот. Өз улутун сүйүү — улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо дегендик. Ал мекендин ыйыктыгын урматтоо дегендик.

5

Ыймандуулук

Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал — тазалык, чынчылдык, абийирдүүлүк жана таза көкүрөк.

6

Ырайымдуулук

Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын көөн түшүнүгүндөѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген.

7

Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук

Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын өзгөчөлүгү, тамыры, өзөгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм.

Ахматбек Келдибеков, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума