13:44
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жалал-Абадда ресторан-кафе ээлери тойлорго уруксат сурашууда

Джалал-Абаддагы ресторан ээлери бийлик тарабынан той өткөрүүгө салынган тыюуга нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Нуртилек Орозбаев тойкана-кафелердин ээлери менен жолугуп, 50 кишиден ашуун иш-чара өткөрбөөнү суранды.

«Айрым ишкерлер буга каршы чыгышты. Алардын айтымында, кызматкерлерге айлык төлөө керек. Бирок санэпидемкөзөмөл дарыгерлеринин билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абадда коронавирус күч алып жаткан мезгили, ошондуктан ири иш-чаралар вирустун таркашына шарт түзүүдө», — дешти мэриядагылар.

Белгилей кетсек, талаптарды аткарбаган тойканалардын айып пулу 3 миң сомдон 40-60 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар