12:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери Нарында шайлоочулар менен жолугушту

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери 21-сентябрда Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Анда аталган партиядан ЖК депутаттыгына талапкер Кубанычбек Абас уулу Нарын шаарына 2 жаңы мектеп курууну сунуш кылды. Мындан тышкары талапкерлер шайлоочуларга шаардын инфраструктурасын жакшыртууну колго алууга убада беришти.

Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Абас уулу: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы Нарын элинин көйгөйлөрүн дагы эске алуу менен жазылды десек жаңылышпайбыз. Тагыраагы, жаңы тротуарлар төшөлөт жана эски тротуарлар оңдолот, сугат тармагы калыбына келтирилет, жаңы светофорлор орнотулуп, көчөлөрдүн үзгүлтүксүз жарыктандыруу системасы оңдолот. Депутаттыкка талапкерлер калк үчүн электр энергиясынын тарифтерин 50 пайызга төмөндөтүүнү дагы көздөп жатат«, — деди.

Дагы бир талапкер Кылычбек Исамамбетов Нарын облусунда 127 айыл өкмөт болсо алардын 30 пайызы гана турмуштук маанилүү ресурс менен камсыздалганын, «Мекеним Кыргызстандын» программасында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар