04:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Урмат Самаев тарапташтары менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

16-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Урмат Самаевдин Токмок шаары жана Чүй өрөөнүндөгү шайлоочулары жана тарапташтары менен онлайн-жыйыны болуп өттү. Онлайн-жыйынга талапкердин 1 мин 567ден ашуун тарапташтары катышып, жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

Онлайн-жолугушууда Урмат Самаев партиянын шайлоо алдындагы программасынын бет ачаарын өткөрдү жана келечектеги пландары менен бөлүштү.

Андан сырткары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасын кыскача тааныштырып, партия эки негизги максатты көздөй турганын баса белгиледи: бул өнүккөн рыноктук экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана республиканын ар бир жаранынын бакубатчылыгын жогорулатуу экенине токтолду.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы бүткүл Кыргызстанды камтыганына карабастан ал Токмок жана Чүй өрөөнүнөн көрсөтүлүп жаткан талапкер катары ушул аймакка кандай көңүл бура турганы жана аймакты жакшыртуу үчүн эмне иштерди жасагысы келээри жөнүндө суроо берилди.

Урмат Самаев эң биринчи кезекте негизги маселелер Жогорку Кеңеште мамлекеттик деңгээлде чечиле турганын баса белгиледи, бирок ал өзү талапкерлигин көрсөтүп шайлоого бара жаткан Токмок шаары менен Чүй өрөөнүн өнүктүрүү боюнча маселелерди партиянын программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ага коштурууга өзүнүн депутаттык ыйгарым укугун сөзсүз колдоноорун билдирди. Ал иштер жаңы жумушчу орундарын, бирдиктүү салык тутумун түзүү, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну камтыйт.

Ал стратегиялык маселелерди чечүү үчүн талапкер катары Токмокто жана Чүй өрөөнүндө коомдук кабылдама ачат: «Анан эгерде сиздер электорат катары мага ишене турган болсоңуздар, анда биз сиздер менен дайыма байланышта болобуз жана болочок пландарды дагы чогуу аныктайбыз. Сиздер айткан ар бир демилге мен тараптан колдоого алынат», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө анын парламенттеги буга чейинки ишмердүүлүгү, аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө суроо берилди. Урмат Самаев КР ЖК алтынчы чакырылышындагы жалпы депутаттык ишмердүүлүгү убагында элден 1985 кат алганын, анын ичинен 1483 катты кароо жана чечүү үчүн өкмөткө жөнөткөнүн айтып берди. Самаев бир дагы өтүнүч катты жоопсуз калтырбагыдай иштеген жана мындан ары дагы жарандар менен тыгыз иштешүүгө даяр.

Ал эми анын жетинчи чакырылыштагы биринчи кадамдары кандай болоору жөнүндө суроого Урмат Самаев, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик аппаратты жаңылоого, чакан жана орто бизнести, Кыргызстандын коопсуздукту жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды иштеп чыга турганын айтып берди. «Жакында болгон пандемия биздин ар түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга даяр болууга тийиш экенибизди көрсөттү. Мен биздин адамдарды ар түрдүү көйгөйлөр менен жалгыз калтырууну каалабайм жана биздин мамлекетти дайыма адамга жардам бере тургандай абалга көтөрүүнү максатым катары коем», — деген сөздөр менен Урмат Самаев онлайн-жыйынды аяктады.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар