04:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нуржан Жумагазиева: Дарыгерлер менен мугалимдердин эмгеги татыктуу бааланса

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Нуржан Жумагазиеваны кепке тарттык.

— Мекен сиз үчүн эмне?

— Мекен — мен үчүн өтө ыйык. Мени курчап тургандын баары: жер, аба, суу, тоолор — мен үчүн Мекен. Чет өлкөлөргө көп чыккандыктан Мекендин барк-баасын абдан жакшы билем жана мекениме кайтканча шашам. Мекенди эңсөө, куса болуу — бул эми сөз менен жеткире алгыс сезим. Мага Мекеним Кыргызстандан кымбат эч нерсе жок.

— Эмне үчүн депутаттыкка барууну чечтиңиз?

— Мен окутуучу, профессормун жана мага азыр мугалимдердин мээнети татыктуу бааланбай жатканы абдан өкүнүчтүү. Пандемия учурунда да эң оор жүк дарыгерлерден кийин эле мугалимдерге түштү. Алар дароо жаңы ыкмаларды үйрөнүп, балдарды онлайн окутууга өттү. Мен бул багытта социологиялык изилдөө да жүргүзүп, алыскы айылдарда, тоолордо кантип онлайн окутса болоруна кызыгып көрдүм. Эми кандай болсо да бул оор кырдаалдан чыктык. Бул үчүн дарыгерлерге, мугалимдерге таазим. Бирок алардын абалы, арзыбаган айлыкка иштеп жүргөнү баарыбызга белгилүү. Эми дарыгерлер менен мугалимдердин эмгеги ошол түмөн түйшүгүнө жараша баалангыдай шарт түзүшүбүз керек.

Эгер мен «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келсем ишти саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы маселелерди чечүүдөн баштамакмын. Экологиялык журналистика боюнча адис болгондуктан ошол эле кезде мени экологиялык абал да тынчсыздандырат. Экология боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жасап, же бул ишке тыгыз аралашып жүргөндүктөн бул маселеде баары ойдогудай эмес экенин жакшы билем.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар