10:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Гүлшар Култаева кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутатыкка талапкер Гүлшар Култаева жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу мекендештер, жердештер!

Өзгөрүүгө мезгил келди. Өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Биз өзгөрбөйүн коом өзгөрбөйт. Бир катар мисал келтире кетейин. Мен ишиме байланыштуу чет өлкөгө көп чыгам. АКШда уулум билим алып жүргөн учурда бардым мен да Америкага. Чыныгы демократия орногон мамлекет экен. Ал жакта адамдар өзгөрүүнү өздөрүнөн баштаган. Адамдар уникалдуу. Уникалдуу ашпозчу, уникалдуу таксист, уникалдуу ишкер, уникалдуу илимпоздорду Америкадан гана жолуктурасың.

Мисалы, жаздан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар асманда катар тизилген жылдыз сыяктуу нерселерге күбө болушту. Ар ким ар кандай божомолдоду. Ал чындыгында белгилүү ишкер, уникалдуу адам Илон Масктын «SpaceX» компаниясы учурган 60 спутник болчу. Ал адам спутник туризмин ишке ашыруу аракетинде. Эми каалоочулар космоско илим изилдөө эмес, эс алуу үчүн уча баштайт. Анткени глобалдашуу заманы, санариптешүү заманы, интернеттин заманы ушуга алып баратат!

Учурда адамдар электромобилдер менен жүрүп калды башка өнүккөн өлкөлөрдө. Ал да уникалдуу Илон Масктын долбоорлорунун бири. Айтайын дегеним, бизге да өзгөрүүгө мезгил келди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы дал ушул өзгөрүүлөрдү кылууга чечкиндүү кадам таштай турчу мыкты команда.

Урматтуу жердештер! Биз да уникалдуу партияларды тандайлы. Туура чечим чыгарып, татыктуу талапкерлерди шайлайлы. Келечек биздин балдарыбыздыкы, неберелерибиздики. Демек өзгөрүүгө мезгил келди. Өлкөнүн өзгөрүүсү ушундан башталат.

Урматым менен, мен, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Гүлшар Култаева».

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар