21:59
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Элнура Алканова: Эл азыр жакшы жашашы керек

Кыргызстандын саясий ландшафты жаңы энергияга, жаңы идеяларга жана жаңы жүздөргө муктаж. Бирок жалгыз дарак токой болбойт дегендей, кескин өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн мыкты команда керек. Күчтүү, беттегенин бербеген, бийликке бийлик үчүн эмес, элдин жашоосун чындап өзгөртүүнү самаган команда келгенде гана өлкө өнүгүү жолуна түшөт. Мындай команда бар — ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы. Аталган партиянын катарын толуктаган Элнура Алканова учурдагы саясый кырдаалга токтолду.

— Коронавирус толкуну Кыргызстанга абдан катуу сокку урду. Дээрлик ар бир үй-бүлө андан жапа чекти, катуу стресс алды. Бир туугандарыбыз, жакындарыбыз, досторубуз, же тааныштарыбыз ооруп жатты, бир канчасынан айрылдык. Ар бир күн «бүгүн канча адамга жугуптур, канча адам каза болду?» деген жүрөк үшүн алган суроолор, сандар менен башталып жатты. Бул оор күндөрдө биздин партиянын өкүлдөрү да бир муштумга түйүлүп, дароо эл камын көрүүгө киришти. Биз күндүзгү стационарларды ачып, зарыл дары-дармектерди, коргонуу каражаттарын сатып алып, элге бекер тараттык. Аймактардан келген дарыгерлерди жайгаштырууга жана өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчуна гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө жардам бердик.

— «Мекеним Кыргызстан» өзүнүн жасаган иштери тууралуу мактанган учурлары болдубу?

— Ошол учурда масс-медиа менен түздөн-түз байланышы бар адам катары мени партиялаштарым бул ишти эч кимге жар салбай, а түгүл ооз ачпастан унчукпай жасап жатышы таң калтырды. Айта турган иш көп болчу, ал учурда шайлоо жарыялана элек болгондуктан андан маселе да чыкмак эмес. Бирок партиялаштарым маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда майдаланып отургусу келген жок. Айкөлдүк коштогон бул кайрымдуулук иштери мага «Мекеним Кыргызстандагы» мыкты уюштуруу менен натыйжага жетүүнү көрсөттү.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоого «Ооба» деп аталган жаңылануу программасы менен бара жатат. Бул көрүнүш баарына «макулбуз» дегенди түшүндүрөбү?

— «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоого «Ооба» деп аталган жаңылануу программасы менен бара жатат. Бир нерсеге макул болууну билдирген бул сөздү колдонуу менен биз «Кыргызстанга өзгөрүү, жаңылануу керекпи, элибиз жакшы жашашы керекпи?» — деген суроолорго так кесе жооп бергибиз келди.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында депутаттардын санын кыскартуу маселеси көтөрүлгөн....

— Программанын эң башкы жана маанилүү пункттарынын бири — Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Кыргызстан — анча чоң эмес өлкө. Бюджет таңкыстыгын жана экономиканы эске алсак, бизге компакттуу башкаруу системасы — салыштырмалуу чакан өкмөт жана чакан парламент керек.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы кыргыз парламентаризминин тарыхындагы эң начар, кадыры кеткен чакырылыш болду окшойт.120 депутаттын ашып кетсе 20-30 чактысы эле иштеп, ошолор гана жыйындарда активдүү позициясын көрсөтүп жатканын бүт өлкө — баарыбыз карап турдук. Калгандары ишке каалаган учурда келип кетип, же келсе да бир сөз айтканга жарабай, өз мөөнөтүн унчукпай өткөрүштү. Бул депутаттарга жана аларды тейлеген аппаратка бюджеттен — эл эсебинен олчойгон каражат кетип жатты. Биздин бюджетке мындай оорчулуктун эмне кереги бар? Ошол каражатка андан көрө оорукана же мектептерди курсак жакшы эмеспи.

Мектеп демекчи, элдин саны күн санап өсүүдө. Демек жылдан жылга жаңы мектептерге муктаждык да күчөйт. Азыр өлкөгө алты жүздөй мектеп жетпейт. Дагы эки жүздөй мектептин имараты авариялык абалда. Бийлик бул маселеге өзгөчө көңул бурганы менен баары бир жаңы мектептерди салууга каражат жетпейт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бул маселени чечүүнүн жолун мамлекет менен жеке ишкерлердин өнөктөштүгүнөн көрүүдө. Ишкерлер мектептерди оңдоо менен курууга жардам берип, ал үчүн салыктык жана башка жеңилдиктерди алса болот.

Биздин шайлоо алдындагы программабыз көптөгөн кызыктуу жана конкреттүү сунуштарды камтыйт. Аларды ишке ашыруу менен кыска убакытта элдин турмушун оңдоого мүмкүн болмок. Бул өтө маанилүү учур. Анткени эл качандыр бир кезде эмес, дал азыр жакшы жашашы керек. Карапайым калкыбыз жакшы жашоону кыялдана берүүдөн чарчады. Демек өзгөрүүгө, жаңыланууга убакыт келди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар