08:38
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Толкунбек Исаков: Партияны жамандап жаткандар — өздөрүнө ишенбегендер

Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында төрөлгөн 44 жаштагы Толкунбек Маматович патриот жигит. Кесиби юрист. Алгач Азиздер үчүн атайын адистештирилген мектептен билим алган, андан соң, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин бюджет бөлүмүндө окуган. «Майыптарга юридикалык жактан жардам» фондунун негиздөөчүсү жана президенти. Жусуп Баласагын атындагы КМУУнун сырттан окуу бөлүмүндө мугалим кесибин аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги. 2010-2012-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде Төкөлдөш округунан депутат болгон. Армрестлинг (кол күрөшүү) боюнча Кыргызстан жана Азия чемпиону. Классикалык музыканын сүйүүчүсү. Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы. Кыргыз, орус, казак, немис, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Толкунбек Маматович эмне себептен «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандаганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

— Ар бир адам бир иш жасаарда миң ойлонуп, жүз толгонот. Анын сыңарындай, мен дагы ойлонуп, толгондум, жакындарым менен кеңештим, акылдаштым. Анан жаш, прогрессивдүү, келечеги бар партиялардын бири болгон «Мекеним Кыргызстанга» токтолдум. Программасы бүгүнкү күндүн талабына жооп берет, жалпак тил менен түшүнүктүү, кыска, нуска жазылган. Көпчүлүктүн көөнүнөн орун табат деп ишенем.

— Саясый күрөштө сөзсүз сын айтылат эмеспи. Сынды кандай кабыл алуудасыңар жана сынды угуунун кемчилиги эмнеде?

— Туура, шайлоо — саясый күрөш. Партиялар таймашы болуп аткан соң, албетте, ар түрдүү көз караштагы адамдардан сын айтылбай койбойт. Сын айткандарында калет жок, кемчилик бар. Аны эки түргө бөлсө болот. Кээ бир талапкерлерибиз, күйөрмандарыбыз программаны жеткиликтүү айтып бере албаганында. Бул бир. Экинчиден, биздин программа эң мыкты болгондуктан ар кай жактан көчүргөн өздөрүнүн программасына ичи чыкпай, куйкалары курушкандардын ушак-айыӊ таратканында. «Эл ушул партияга ооп кетпесе экен» деген коркунуч башкалардын жүрөгүнөн көбүрөөк орун алгандай сезилет.

— Анан, жолугушуулар, күндөр кандай өтүүдө?

— Негизи эле адамдын ар бир күнү — жарыш, шайлоо менен өтүүдө, жаңы келаткан талапкерлерден үмүт кылууда. Кудай буйруп, депутат болуп калсам, социалдык тармактагы проблемалар менен алектенем. Алар билим берүү, маданият, спорт, муктаждарды социалдык жактан коргоо. Мен 20 жылдан ашуун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоп келатам. Ошого байланыштуу майып эле эмес соо адамдардын кайсы тармакта кандай көйгөйү бар экенин абдан жакшы билем. Ошонун баарын сапаттуу мыйзам долбоорлору аркылуу түздөп, ошо багытка салым кошом деген үмүттөрүм бар. Кесибим юрист болгон соң укуктук талаага да салымым чоң болоорун билем. Сөзсүз түрдө биздин партиянын программасында көрсөтүлгөн максаттарга жетиш үчүн Конституцияга жана толгон-токой мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, программадагы иш-чаралар аткарылып, максатына жеткенге бар күчүмдү аянбайм.

— Атаандаштар сөзсүз бири-бирин жамандайт эмеспи, дегеним, ушак-айыңга көңүл бурасызбы?

— Бүгүнкү күндө ар тараптуу массалык түрдө биздин партияны жамандап да, жамандатып да аткандар өздөрүнүн адамдык ресурстарына, электоратына ишенбегендер. Эки жүз миң эмес, эки адамга кадыры жоктордун каалаган нерсени айта бериши кадыресе көрүнүш. Биздин команда ар тараптуу, бардык кесиптин мыкты адистери менен толукталган. Жаш, прогрессивдүү, креативдүү ой жүгүрткөн, өз тармагы эле эмес бизнести да кошо ала жүргөн касиет ар бир талапкерибизде бар. Демек, арт тарапка кылчайып, ар ким менен кыл чайнаша бербестен алдыга умтулганыбыз оң. Жеңиш ар дайым күчтүүлөр тарапта! Кеп, сөз кылып ушактап атабы, демек, биз күчтүүбүз!

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар