12:12
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бактыгүл Молдогазиева: Партиябыз мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган партия

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Россия Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген.

— Бактыгүл айым, өзүңүз каалаган кесиптин ээси боло алдыңызбы?

— Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болуумду каалашкан. «Бухгалтердик билим ал» деп айткан ата-энемдин айтканына көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам бергенди, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол кабыш кылганды жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени кабатырлантчу. Мекениме кайткан соң, ишимди эл аралык уюмдардын аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимдин болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандоого эмне түрткү болду?

— Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окуур замат, партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым.

— Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы?

— Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам, «Мекеним Кыргызстан» мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым.

Депутат мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, баардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени, балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесин тилейм. Элибизди жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир жаран өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия «Мекеним Кыргызстан». Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени, биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар