12:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Эрлист Акунбеков: Элеттеги элдин турмушун жакшыртабыз

Эрлист Акунбеков 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган.

Азыр «Бай дыйкан» долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү.

«Аты жаман илдет дүйнөнү каптагандан бери көпчүлүк өлкөлөр экономикалык оор соккуга учурады. Медицинасы күчтүү, экономикасы бай мамлекеттер да туруштук бере албай, бир топ алсыраганын көрдүк. Албетте, ошол экономикалык каатчылыкка дуушар болгон мамлекеттердин катарында Кыргызстан да болду.

Өлкөгө карантин тартиби киргизилген учурда элге жардам берүү максатында командам менен кызмат кылдым. Жер-жерлерге беткап, антисептикалык каражаттарды таратып турдук. Эң негизгиси Кыргызстанды кыдырып, аба аркылуу дезинфекция иштерин акысыз жүргүзүп бердик.

Вирус чыккан үйлөргө чейин кирип, короолорду дезинфекция кылдык. Оорулуулар жаткан имараттарды, ооруканалардын бирин калтырбай дрон жана мотодельтапландын жардамы менен дезинфекция иштерин жүргүздүк. Илдет менен алпурушуп жүрсөк, парламенттик шайлоонун күнү да аныкталып калыптыр. Жакындарым, командам, досторум шайлоого катыш деген сунуш берди.

Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым.

Мен өзүмдүн напсимди тарбиялоону биринчи орунга коём. Жогорку Кеңешке барууда өзүмдүн кыпындай дагы жеке кызыкчылыгым жок. Элден жашыра турган бизнесим деле жок. Парламентке баруудагы негизги максатым — элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Өзүмдүн киреше булагым дыйканчылыкка байлангандыктан, мен бул багытта командам менен мыкты иш алып бара алам деп ойлойм.

Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз».

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар