04:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Адилет Канымбеков: Кыргызстанда клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коем

Талапкерди учкай тааныштыра кетсек, Адилет Канымбеков Сокулук районунун Күн-Туу аймагына караштуу Чоң-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кесиби — тиш догдур. 9 жылдык тажрыйбасы бар. Менчик клиникасы бар, ошону иштетет. Медицинадагы көйгөйлөрдүн баарын билет. Саясатты да жакшы билет. Себеби, буга чейин Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты болгон. «Элдин элегинен өтүү, шайлоо маселеси мага тааныш», — дейт талапкер. Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу талапкер болуп катталып, аттанып аткан Адилет мырзага чү дегенде эле саламаттык сактоо маселесинен суроо салдык.

— Адилет мырза, эгер депутат болуп калсаңыз, саламаттык сактоо маселеси үстүндө иштейсиз да?

— Албетте. Медицинаны аксаткан, талапка жооп бербеген мыйзамдарды кайра иштеп чыгам. Кудай буюруп, депутат болуп калсам көкүрөгүмдөгү бышып жетилген маселелерди ишке ашыруунун аракетин көрөм. Калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү алып чыгам. Ошондой эле жер-жерлердеги медиктердин жетишсиздигин жоюп, Кыргызстандын булуң-бурчуна клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коём. Анткени, пандемия медициналык абалыбызды алаканга салгандай көрсөтүп койду. Илдет күч алганда жанынын айласын таппай, ооруканадан орун таппай карайлагандар көп болду. Ошондой эле медиктердин жетишсиздиги баарыбызга байкалды. Буюрса, мына ушундай кемчиликтерди жоё турган долбоорлорду сунуштап, элибиздин саламаттыгына кам көргөн иштер менен алек болом.

— Толгон партиянын ичинен эмнеге «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз?

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы жакты. Анда мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Мындан тышкары, «Элибиз — эң башкы байлыгыбыз» деген урааны да мени кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошуу, элге пайдамды тийгизүү үчүн шайлоого аттандым десем болот.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясына айтылган сын-пикирди кандай кабыл алып жатасыз?

— Америкалык жазуучу Ральф Уолдо «биз укум-тукумубуздагылардын кыялына караганда, замандаштарыбыздын кыялын көбүрөөк тартып калабыз», деген экен. Сындардын туурасын туура, катасын түздөгөнгө аракет кылып жатабыз. Эң башкысы, биздин партия такталбаган маалыматтардын чабуулуна калгандардан. Бир нерсени мактанып айтып кетейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы жерин сатпаган, артына кылчактабаган жаш партия, буюрса мен ишенем элдин купулуна толобуз.

— Адилет мырза, кыргыздын каада-салттарына ишенесизби?

— Кыргыздар байыртадан дүйнө таанымын өзүнүн салты аркылуу элге жайылтып, кылымдардан-кылымдарга жашап келе жаткан калк. Ошондуктан салтыбызды бекем кармап, карыларды урматтап, улуулардын жолун улап келишибиз керек. Эң башкысы кыргыз эли биримдикте болсо көп ийгиликке жетебиз!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума