09:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Данияр Абдыкаров: Мыйзамсыз баңгизатка көзөмөлдү күчөтөм

Абдыкаров Данияр Сатарбаевич 1975-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1992-жылдан бери Ички иштер башкармалыгында иштеп келет. Алсак, ал 1994-1998 — Бишкек ШИИБдин кызматкери, 1998-2001 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, 2001-2016 — ИИМдин бир канча башкармалыктарында эмгектенген. 2016-жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келет.

— Данияр Сатарбаевич, эмне үчүн башка партия менен эмес, ушул партия менен Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдыңыз?

— Бул партияны тандаганыма анын программасы себеп болду. Анда менин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелердин баары жалпак, жеткиликтүү тил менен жазылыптыр. Атүгүл аны чечүүнүн жолу да сунушталыптыр. Жаңыланууга багыт алган, маселени жаңыча көз караш менен караган жаңы дем менен жазылып, башка партиялардыкынан дээрлик өзгөчөлөнүп, артыкчылыктарга бай экен. Окуп, талдап көргөндөн кийин жүрөгүмдө — «Мекеним Кыргызстан» Кыргызстанды өнүктүрө турган партия деген ишеним пайда болду. Ошон үчүн партиянын мүчөсү болуп катталып, Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдым.

— Партиянын программасын мактап калдыӊыз. Сизди кайсыл багыттары ынандырып, ишенимиңизди пайда кылды?

— Бардык эле багыттары ынандырды. Кыска, нуска, баса белгилей кетсем, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, адам укугун коргоо деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушул багыттардын баары мени кайдыгер калтырган жок. Ишенимимди ого бетер күчөттү.

— Демек, сиздердин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибизди жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт экен да. Ишенсек болобу?

— Албетте! Биздин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним менде зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, буюрса ишке ашат деген ойдомун. Келечекте «Мекеним Кыргызстан» партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетет.

— Эгерде депутат болуп калсаңыз, кайсыл тармакка маани бересиз жана кандай маселелерди көтөрүүнү пландап жатасыз?

— Эми жүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелер өтө эле арбын. Кудай буйруп, згер депутат болуп калсам, анда биринчи зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн укугун коргоону колго алмакмын. Анткени, каражат табуунун азабынан мигрант болуп кеткендер көп. Алардын көпчүлүгүнүн балдары туугандарынын колунда калып, зомбулукка кабылып, укуктары корголбой жатат. Кыргыздын келечеги болгон өспүрүмдөрдү коргоп, тийиштүү жардамымды бергим келет. Ошондой эле Кыргызстан аркылуу Афганистан, Тажикстанга мыйзамсыз баңгизаттар өтүп, Европага чейин чыгат. Мына ошол жагын да көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдарды жазсам деген ниетим бар. Анткени, ал жерде уюшкан кылмыштуу топтор түрдүү иштер менен алек болуп жүрүшөт. Ал тармакты да көзөмөлгө алып, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, чек араны күчөтүлгөн тартипте иштетип, мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүнү токтотушубуз керек. Болбосо анын кесепети да тийип калышы ыктымал. Мына ушундай асыл ой, ак тилектерди ишке ашырып, эл үчүн, мекенибиз үчүн кызмат кылып, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасагым келет. Урматтуу мекендештер, 4-октябрь күнү жүрөгүңүздөрдү тыңшап, туура тандоо кылыңыздар. Эл үчүн, мекен үчүн кызмат кыла турган партияга добушуңуздарды бериңиздер. «Мекеним Кыргызстан» № 4.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби