12:32
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Россия Армения менен Кыргызстандан кирген унаанын санын кыскартмакчы

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Евразия экономикалык биримдигине кирген ɵлкɵлɵрдүн ɵкмɵттɵрүнɵ Армения менен Кыргызстанда катталган унаалардын Орусиягы алып кирүү (алып чыгуу) кɵйгɵйүн чечүү үчүн чаралардын жыйындысын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу ЕЭК басма сɵз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Биримдикке кирген ɵлкɵлɵрдүн бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууну кеңейтүү чечим кылынды. Ал эми Армения менен Кыргызстанга бажы алымынын коюму жана унаа каражаттарына карата тɵлɵнгɵн салык жана бажы алымынын суммасы тууралуу маалымат берип туруу тапшырылды.

«Мындай чара Орусияга жеке пайдаланууга киргизилип жаткан унаанын санын кыскартууга жардам берет. Себеби ЕАЭБдин курамына кирген башка ɵлкɵлɵрдүн бажы алымдарына салыштырмалуу, Армения менен Кыргызстандан киргизилген унаалардын бажы алымы кыйла тɵмɵн болуп жатат. Колубузда мындай маалымат болсо, жарандарыбызды ак ниетсиз адамдардан унаа сатып алуудан сактап калмакпыз. Ал эми мындай унааны сатып алгандар, кошумча тɵлɵнɵ турган алымдар тууралуу маалымат алмак», — дейт ЕЭК басма сɵз кызматы.

Эске салсак, учурда Биримдиктин аймагана, ошондой эле Орусияга Армения менен Кыргызстандан кирген унааларды тɵмɵндɵтүлгɵн алым менен тариздеп, киргизип жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар