20:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Зайнидин Курманов: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы таң калтырды

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан «Мекеним Кыргызстанды» өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, «жапайы капитализмдин» ордуна «социалдык капитализмди» курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга короновирус пандемиясындагы абал далил.

Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот.

Бирок кантип?

Программа жөнөкөй тилде жазылып, «Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат» деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат».

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар