00:41
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кыргызстан Казакстан менен аба каттамын жандандырат

Кыргызстан Казакстан менен аба каттамын жандандырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мухтар Тлеубердинин жолугушуусунда аба каттамдары тууралуу макулдашылды.

Эске салсак, аба каттамдары март айында, коронавирус пандемиясы башталганда токтотулган.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы кɵзɵмɵл-ɵткɵрмɵ пункттары толук кандуу иштеп жатат.

Мындан тышкары, ТИМ жетекчилери эл аралык жана аймактык, ошондой эле БУУ жана ЕАЭК алкагындагы кызматташуу маселелерин талкууга алды.

Эң көп окулган жаңылыктар