10:37
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Балбак Түлөбаев саясый партияларды санитардык талаптарды сактоого чакырды

Ысык-Көл облустук штаб саясый партияларды санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоого чакырды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, партиялардын шайлоонун алдындагы иш-чаралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүлүшү керек.

«Саясий партиялар өзүнүн үгүт же башка иш-чараларын санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык өткөрүүгө милдеттүү, жана 50 кишиден көп эмес элди массалык чогултпашы керек. Саясий партиялар үгүт иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү зарыл», — деп билдирди ыйгарым укуктуу өкүл.

Эң көп окулган жаңылыктар