07:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Мекеним Кыргызстан» үгүт компаниясын боз үй тигип, ак бата менен баштады

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт компаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди.

Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын баардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, «Жеңиш биз тарапта! Эл биз тарапта! Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет! — деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун!

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын буюртмасы менен даярдалды.

4-сентябрь, 2020-жыл.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды.

Эң көп окулган жаңылыктар