21:40
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Муфтият дин кызматкерлерине үгүт иштерине катышпоого чакырды

Муфтият дин кызматкерлерине саясый иштерге аралашпоону мечит, медреселерде шайлоонун үгүт иштерин жүргүзбөөнү эскертти. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият бул жаатта айрыкча ордо калааны катуу көзөмөлгө алмакчы.

«Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт. Бул тууралуу Муфтияттын атайын так буйругу бар. Ошондуктан биз өз милдетибизди так аткаралы. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап Жараткандан дуа кылалы. Шайлоодо жарандык милдетибизди аткарып, эң негизгиси үгүт иштерине аралашпайлы» - дейт муфтият.

Эң көп окулган жаңылыктар