22:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын чек арасы 25-сентябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтөт

2020-жылдын 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат.

Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик чек ара кызматына контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүүнү тапшырды.

«Чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүү», — деп айтылат чечимде.

Коопсуздук кеңеши шайлоо өнөктөгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. 

Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштери башталат. 4-октябрда добуш берүү өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар