Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтаруу мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу чечим кечээ кабыл алынды.
Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып, Боршайкомдун арызын канааттандырган жок. Эми партиянын документтери кабыл алынышы керек.
Эскерте кетсек, БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарып берип, шайлоодон четтеткен. Биринчи инстанциядагы сот шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп тапкан. БШКга Бишкек шаардык соттун чечимине даттанып Жогорку сотко кайрылган.

