17:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоодо добуш сатып алуу аракеттерине чара көрүлөт

Сооронбай Жээнбеков бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Коопсуздук Кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда билдирди.

Ал талапкерлерге шайлоо өнөктүгүндө коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөө зарылдыгын эскертти.

«Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек», — деди ал.

Президент үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү — компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды.

Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден-соолугуна коркунуч жаратпастан өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга кайрылып, парламенттин тагдыры, шайлоочунун эркинен, алардын кыраакы тандоосунан көз каранды экендигин белгиледи.

«Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуштарын сатпоого чакырам», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан бардык маселелерди БШК жеке көзөмөлүнө алуусу керектигин белгиледи.

«Бардык аймактык шайлоо участкалары жана шайлоо комиссиялары үзгүлтүксүз иштөө үчүн өз учурунда даярдалуусу жана техникалык жактан жабдылуусу керек. Парламенттик шайлоо максималдуу түрдө демократиялуу, ачык-айкын өтүүгө тийиш, анын жыйынтыктарына эч ким шектенбеши керек», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар