14:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кубатбек Боронов: Эл алдындагы жоопкерчиликти, милдетимди жакшы түшүнөм

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан көз жумган маркумардын жакындарына өкмөттүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу ал бүгүн брифингде билдирди.

Өкмөт башчы өлкөдө эпидемиологиялык абал курчугандыгын баса белгиледи.

«Вирус биздин жаныбызда. Биз жакындарбызды жоготуп жатабыз. Көз жумгандардын жакындарына өзүмдүн жана өкмөттүн атынан көңүл айтам», — дейт Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, өкмөт мындай учурда кол куушуруп отурбастан күнү-түнү иш алып барат.

«Бир гана өкмөт башчы болгондугум үчүн эмес, жаран катары дагы эл алдында милдеттүү экендигимди билем. Күнү-түнү иштейбиз. Мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлөт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума