09:48
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Президенттин ыктыярчылар менен болгон жолугушуусу: Орунсуз сөздөр болгон жок

Президент менен болгон жолугушуу үч саатка созулду, ыктыярчылардын сүйлөө убактыларына чектөө болгон жок. Бул тууралуу «Сүйүү колдору» коомдук бирикмесинин өкүлү, активист Наталья Гребнева 24.kg агенттигине билдирди.

«Мен жолугушууга өзүлөрү эч нерсе кыйратпаган өкмөттүн кыймылсыз коргоочулары чогулат деген ой менен баргам, бирок ал жака чындыгында жардам берүү менен алектенип жаткандар барышыптыр», — дейт ал.

Орунсуз сөздөр болгон жок. Бардыгы конкреттүү гана көйгөйлөрдү айтышты, анын ичинде маскалардын дарыгерлерге жетпей жаткандыгы, дары-дармектерди наркы көтөрүлгөндүгү тууралуу сөз болуп, сынга алышты.Наталья Гребнева

Наталья Гребнева белгилегендей, ал изоляция учурундагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшүн айтып, ага карай калктын аялуу топторуна акысыз коронавирустук тесттен өтүү маселесин чечип берүүнү айткан.

«Бизде аялдар борбору бар болгону менен зордук-зомбулукка кабылгандарды текшерүүсүз кабыл ала албайбыз. Себеби бул ал жакта жашагандардын ден-соолугуна дагы кооптуу. Ал эми акысыз тест тапшыртуу мүмкүн эмес. Жеке менчик лабораторияларда кымбат», — деп баса белгилеген.

Дагы бир маселе балдар үйлөрүнө тиешелүү болду.

«Алар балдар үйүндө күзгө чейин гана жашай алышат. Буга чейин балдар ПТУга тапшырып, ал жактын жатаканаларына жатып окушчу, быйыл онлайн болсо жатаканлар дагы жабык болот. Мен балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн кайсы бир убакка чеийн балдар үйүндө жашап туруу мүмкүнчүлүгүн кароону же алар үчүн атайын жатакана ачуу керектигин айттым», — деп кошумчалады.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков, ыктыярчылар айткан маселелерди белгилеп алып, жолугушуунун соңунда кайрадан тактап алганын айтышат.

Эске сала кетсек, бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берген ыктыярдуу кыймылдын активисттери менен жолугушту.

Кечээ белгилүү болгондой, айрым активисттер мамлекет башчысы менен жолугушуудан баш тартышкан.

«Бирге» ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси Айдана Оторбаева кечээ, алар саясаттан алыс экендигин жазып чыккан.

«Бирге» ыктыярчылар биримдигинин жетекчиси катары жана бардык мүчөлөрдүн атынан айтсам, эртеңки жолугушууга бизден эч ким барбайт. Биз таптакыр эле саясаттан алыспыз. Биз кандай гана болбосун саясат менен байланышууну каалабайбыз» , — деп жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар