Бишкекте локомотив сүзүп кеткен жаш жигит реанимацияга жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, окуя бүгүн саат 9:00дө Ауэзов көчөсүндөгү темир жол тарапта болгон.
"Күбөлөрдүн айтымдарында, локомотивдин айдоочусу бир нече жолу сигнал баскан, бирок ал уккан эмес. Учурда жабыркаган адамдын өздүгү такталып жатат. Ал болжол менен 20-25 куракта. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", - деп берилет маалыматта.