10:56
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Өкмөт дары-дармектин жакынкы айларга жете турган корун түзмөкчү

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине жакынкы айлар үчүн дары-дармектин резервин түзүү тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Премьер-министр Кубатбек Боронов дарыканалардагы жетишсиздиктерди жоену буйруду.

«Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү