Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жоголуп кеткен 14 жаштагы өспүрүм баланын сөөгү жайлоодон табылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, 102 номуруна 26-июнда 14 жаштагы бала Беш-Теке жайлоосуна кеткен боюнча кайтып келбегендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Арадан 12 күн өткөндөн кийин, 8-июлда жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан.
9-июлда куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.