16:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто студент сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, короого көмүп койгон

Ошто 4-курста окуган студент кыздын сөөгү табылып, аны өлтүрдү деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 22 жаштагы кызы 2022-жылдын 30-январында үйдөн окууга чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Мындан улам милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 24 жаштагы эркек кишини кармаган. Ал Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунда окуганы маалым болду.

«А.Н. аттуу шектүү көрсөтмө берип, анда 30-январда Т.М. аттуу сүйлөшкөн кызы менен жолугуп, өзү жашаган үйгө барганын, ал жактан урушуп кеткенин айткан. Пикир келишпестиктен улам аны бычактаганын моюндаган. Ал кыздын сөөгүн үйдүн жанына көмүп, кийимдерин ажатканага ыргытып жибергенин да айткан. Ал күнү кайра окууга барып, окуя болгон күндүн эртеси Өзбекстан аркылуу Россияга учуп кеткенин билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдары шектүү Россияга барып кайра Кыргызстанга келген жеринен колго түшүрүлгөнүн белгиледи. Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде укук коргоо органдары 8-февраль күнү кечки саат 18:00дөр чамасында Кара-Суу районундагы Ишкаван айылына барып, ал жашаган үйдүн короосунан изделип жаткан 22 жаштагы Т.М аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча иш козголуп, шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта кылмыш иши боюнча экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар