14:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тайландда 28 жаштагы кыргызстандык асынып алды

Тайланддын Пхукет аралында 28 жаштагы кыргыз туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылма маалымдайт.

Адилет Бакытбековдун денеси кароосуз калган отелдин үчүнчү кабатында асынып турган. Анын денесинен күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Адилет Бакытбековдун иниси Тайландда полицияга кайрылып, агасы үйдөн чыккан бойдон кайра келбегенин айткан.

Полициянын маалыматында, кыргыз жаранынын карыздары болгон. Өмүрүнө кол салардан мурда аялына видео кайрылуу жөнөткөнү айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар