Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримовдун анализи таза чыкты. Бул тууралуу брифингде мекеменин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Сабиржан Абдыкаримовго пневмония диагнозу коюлду. Министрдин орун басары Нурболот Усенбаевден COVID-19 вирусу табылды.
«Алардын абалы орточо оор, канааттандырарлык деп бааланууда. Алар тийиштүү түрдө дарыланып жатат», — дейт Айнура Акматова.