Бишкекте Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу жаңы курулуп жаткан турак жайдын чуңкуруна түшүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттиине Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, жол кырсык кечээ 19:30да катталган.
«Жол кырсыктын натыйжасынан беш адам жабыркаган. Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу чыгыш тараптагы жаңы курулуп жаткан турак жайдын чуңкуруна түшүп кеткен. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Унааны жашы жете элек өспүрүм башкарып бара жатканы белгилүү болду», — деп берилет маалыматта.