01:27
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Модель Бегимай Карыбекова коронавируска каршы күрөшүү кыймылына кошулду

«Мисс Кыргызстан — 2017» жана Emporio Armani италиялык брендинин модели Бегимай Карыбекова коронавирус илдетине каршы күрөшүү кыймылына кошулду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактары аркылуу маалымдады.

Бегимай Карыбекова ыктыярчылар менен биргеликте стационардагы медиктерге көмөк көрсөтүп, медициналык кызматкерлер менен бейтаптардын муктаждыктарына каражат топтоого жардам берет.

«Биз туугандарыбыз жана жакындарыбыз менен көрүшпөй калдык, стационарларга барабыз, көрсө жардамдын ар кандай түрүнө муктаждык бар экен. Биз буга моралдык жактан дагы, физикалык жактан даяр эмес болчубуз. Дал ушундай убакта элдин саламаттыгы маанилүү экендигин түшүнөт экенсиң», — деп жазган.

Ыктыярчыларга колдоо көрсөтүү үчүн Элсомго (0555889850) акча которсоңуз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби