16:39
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID-19. Өлкөдө суткада 36 киши набыт болду. Анын 20сы Бишкекте кайтыш болду

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы 1 эркек киши, Ош облустар аралык ооруканасында 79 жашта жана 62 жаштагы киши набыт болду.

Андан тышкары, Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы врач-педиатр, Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы, Талас облустук ооруканасында 61 жаштагы, Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы киши набыт болду.

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 10 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам.

Март айынан бери пневмониядан 224 адам, коронавирустан 99 адам набыт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар