22:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коргоочу каражаттар жетишпей ооруканалар вирусту жайылтуучу жайга айланууда

COVID-19 вирусун жугузуп алган дарыгерлердин саны өсүүдө. Биздин анализ көрсөткөндөй анын негизги себеби — медициналык кызматкерлер үчүн коргоочу каражаттардын жетишсиздиги.

30-июнга карата Кыргызстанда 5 миң 296 кишиден вирус аныкталса, анын 830у медицина кызматкерлери. Өлкөдө вирус жуктургандардын 16 пайызын дарыгерлер жана мээрбандар түзөт. Бир күндө 47 дарыгерден вирус табылган учур дагы болду.

Өлкөдөгү коргонуучу каражаттардын санын билүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине түшкөн гуманитардык жардам боюнча ачык маалыматтарды жана Мамлекеттик сатып алуу порталындагы жарыяларды колдондук.

Белгилүү болгондой коргонуучу каражаттар медициналык бет кап, кол кап, баш кийим, көз айнек, өтүк жана комбенизондон турат. Булардын баары бир комплекти түзөт. Бирок, гуманитардык жардамга келген маалыматтарда жана Мамлекеттик сатып алуу порталында комплект эмес, ар бир өзүнчө бир даана катары эсептелген. Андыктан биз дагы ошентип санадык.

Бүгүн Кыргызстанда 2 миллион коргоонуучу каражаттар бар.

Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарына жана Ош облусуна бөлүнгөн. Ош шаары менен Талас облусуна эң аз берилди. Белгилей кетсек, медиктердин вирус жугузуусу боюнча Талас эң алдында.

Биз азыркы коргонуучу каражаттар канча күнгө жетерин санап чыктык.

2020-жылдын башында медицина тармагында иштегендердин саны 62 миң болчу. Орточо ар бир кызматкердин жумуш күнү 8 саатка созулат. Демек, ар бир медикке бир күнгө эки комплект керектелет.

Эгер өлкөдөгү бар коргонуучу кийим-кечелерди медициналык уюмдардын баардык кызматкерлерине бөлүп берсек, анда алар 2 жумуш күнүнө гана жетет.

Өкмөттүн маалыматында, коронавирус менен күрөшкө 9 миң 54 медициналык кызматкер тартылган. Алардын баары суткалап иштешет. Демек, алты жолу коргонуучу каражаттарды алмаштырышы керек. Анда өлкөдөгү запас 5 күнгө жетет.

«Коронавирус в Кыргызстане. Как нехватка СИЗ превращает больницы в источник заразы» материалын толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Дата-редакторы: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева.
Иллюстрации: Надежда Хабическая.
Материал создан стипендиатами программы по дата-журналистике проекта «Медиа-К» «Интерньюс в Кыргызстане», реализуемого при поддержке USAID в КР в партнерстве со Всемирным банком, DFID и IDEM. Ментором программы выступает Анастасия Валеева. Мнения и выводы в материале необязательно отражают мнение «Интерньюс» и его партнеров.

Эң көп окулган жаңылыктар