Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Бишкек шаарында — 33, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 7.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.