12:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коронавирус менен күрөшкө университеттин окутуучулары жана студенттер тартылат

Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык университетте иштеген окутуучулар менен акыркы курстагы студенттерди вирус менен күрөшүүгө тартат. Бул тууралуу брифингде министр Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, учурда университеттердин ректорлору менен сүйлөшүү жүрүп, окутуулар уюштурулду.

«Медиктер вирус жуктуруп, ооруп дарыланганча бизде орундар бош калып жатат. Андыктан биз окутуучулар менен ординаторлорду ишке тартып, окутуп, бригадаларды түзүп керектүү райондорго жиберебиз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар