13:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Керемет» банкын тоногондор кармалды

«Керемет» банкын тоногондор кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тоноого шектүү эки эркек киши кармалды, бирөөсү С.А. аттуу жаран 1975-жылы туулган, ал эми экинчиси А.Н. аттуу жаран 1983-жылы туулган. Алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип тергөө иши жүрүп жатат.

С.А. аттуу айыпталуучу айдап бара жаткан «Тойота Лэнд Крузер-200» ак түстөгү автоунаа унаа токтотуучу жайга жеткирилди.

Кылмышка шектүүлөрдөн далил буюмдар табылды: Макаровдун тапанчасы жана ПМнын травматикалык куралы, эки куралдын тең номерлери өчүрүлгөн. Мындан сырткары банкты тоноо окуясындагы видеодо көрсөтүлгөндөй алардан кара түстөгү спорттук булгаары баштык, баш кийим, футболка жана кофта табылган. Аны менен катар балка, ачкыч ж.б. далилдүү буюмдар табылды.

Эске сала кетсек, 13-июнда чак түштө Бишкек шаарында жайгашкан «Керемет» банкын белгисиз адамдар курал менен кирип барышып тоноп кетишкен. Банкка келтирилген чыгым 1 миллион 120 миң сомду түзөт. Кылмышкерлердин бири кассирге тапанча такап сейфти ачып, акчаны алып чыгып кеткен. Маалыматта кошумчалангандай, ушул эле кылмышкерлер «Престиж» акча которуу бюросун талкалап 70 миң сом уурдап кетишкен.

Кылмышкерлер дагы башка тоноо иштерине шектелүүдө. 2019-жылдын 7-ноябрында эки киши Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан «Мебель Малайзии» дүкөнүнөн 60 миң сом уурдап кетишкен.

2019-жылдын ноябрь айынын аягында «ЭкоИсламикБанктын» 6-кичи районундагы филиалынын кассасына кол салышып 1 миллион 536 миң 365 сом уурдап кетишкен.

2020-жылдын январында эки белгисиз адам маска менен кирип «Сенсон-Гранд» акча алмаштыруу бюросунан 3 миллион 784 миң 546 сом алып кетишкен.

«Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктарлдын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү ииш жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби