Баткенде жакында бийликтен турак жай алган 90 жаштагы Ташбүбү Абилованын үйү тонолду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-августта аял кызы менен ооруканага кайрылган.
«Үйдүн терезелери ачык бойдон калган. Үйдүн жашоочулары уурдалганын эртеси эртең менен байкап, бирок милиция кызматкерлерине кайрылышкан эмес», — деп түшүндүрдү ОИИБ.
Анда белгисиз адамдар меш, казан жана конвертке салынган 2 миң сом уурдап кетишкен.
Белгилей кетсек, аталган үй 90 жаштагы чоң энеге жана анын майып кызына Баткен облусунун бийлиги тарабынан 16-августта берилди.