20:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Керемет» банкын тоногондор табыла элек

«Керемет» банкын тоногондорду милиция кызматкерлери дагы эле табыша элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери уурунун өздүгүн тактай албай жатышат.

Эске сала кетсек, 13-июнда чак түштө Бишкек шаарында жайгашкан «Керемет» банкын белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Банкка келтирилген чыгым 700 миң сомду түзөт. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар