19:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мирбек Атабеков Башкы прокуратурага жана сот органдарына кайрылуу жасады

Ырчы Мирбек Атабеков Башкы прокуратурага жана сот органдарына кайрылуу жасап, апасынын үйүн тоноо боюнча ишти калыс карап берүүнү өтүндү. Видеону ал инстаграм баракчасына жүктөдү.

Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон каракчылар кармалганын кабарлады.

Эскерте кетсек, май айында ырчынын апасынын үйүнө куралчан кишилер кирип, коркутуп ур-тепкиге алып, 60 миң доллар жана алтындарын алып кетишкен.

Мирбек Атабеков кылмышты уюштурган киши кармалганын айтып, ИИМге, Октябрь райондун ички иштер башкармалыгынын жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Эми Башкы прокуратура жана соттон бул ишти калыс карап берүүнү суранам», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар