00:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Азамат Арапбаевге тиешелүү 3 кеңсени белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти

Ошто Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге тиешелүү 3 кеңсени белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сейфтен 2,3 миллион сом, 70 миң доллар жана 10 миң долларлык зер буюмдар уурдалган.

Эске салсак, депутат Азамат Арапбаев окуя тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Ал учурда чет жерде жүргөндүгүн гана айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар