18:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткенде өзбек тарап эч кимдин макулдугусуз топографиялык съёмка өткөргөн

Баткен облусунун чек ара аймагындагы өзбек тарап «Булак» булагы жактан эч ким менен макулдашпай туруп топографиялык съемка кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, Бул окуяга байланыштуу бүгүн Кадамжай районунун Чечме айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

«Сүйлөшүү учурунда өзбек тараптын аракеттери талкууланды. Кыргызстан, өлкөнүн тийиштүү бийлик органдарынын макулдугусуз бул аймакты топографиялык сүрөткө түшүрүүгө, видеого тартууга жана башка жумуштарга жол берилбейт деп билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө тараптарды координациялоо жана алдын-ала маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар