14:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбек чек арачылары Ала-Бука тургунун өз аймагына алып кетүүгө аракеттенди

29-апрелде Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жергиликтүү тургундар менен Өзбекстандын чек арачылары ортосунда пикир келишпестик катталды.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылынын тургуну Абдишарид Азимовду коңшу өлкөнүн чек арачылары Өзбекстан аймагына сүдүрөп кирүүгө аракеттенген. Алар айыл тургуна чек ара жакын турган арыктан сууну бурууга каршы чыгышкан.

«Мен сууну бурууга аракет кылып жатканда жаныма Өзбектандын чек арачысы келди. Ал мага тоскоолдук кылып, менин чарбагым Кыргызстандын чек арасындаболгондуктан, бул арыктагы суу менен суугарууга акым жоктугун айтты. Айтыша кетип, ал мени өз аймагына сүйрөп кирүүгө аракет кылды. Мен анын рациясын жулуп алып, качып кеттим», — деди тургун.

Кечке жуук айылга милиция кызматкерлери, чек арачылар келип эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүшөт. Өзбекстандын чек арачылары чек ара эрежесин бузганын мойнуна алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар