21:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандын президенти Москвадагы Жеңиш парадына барып, бирок катышкан жок

Учурда дал ушул мүнөттөрдө Москванын Кызыл аянтчасында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата аскердик парад болуп жатат. Буга ылайык кыргызстандыктар ар кандай суроолорду узатышууда, себеби параддагы түз берүү учурунда Сооронбай Жээнбековду көрүшкөн эмес.

Ал эми бүгүн тартылган видеодо Сооронбай Жээнбеков эртең менен Кремлге барганын көрүүгө болот.

Андан соң президент кайда кеткени белгисиз бойдон калууда. Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен саламдашуу учурундагы видеодо дагы жок. Аны менен катар, россиялык лидерлер менен меймандар Кремлдин тепкичинен парадды көздөй бара жаткандагы видеодон да көрүүгө болбойт.

Президенттин пресс-кызматы 24.kg агенттигине Сооронбай Жээнбековдун алгоритмине ылайык, делегациянын мүчөлөрү жана Москвага коштоп бара жаткан жактар коронавируска карата тест тапшырышканын билдирди. Коштоп бара жаткандардын ичинен экөөнөн коронавирус аныкталган.

«Алдыңкы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышуудан баш тартууну чечти. Президенттин тестинин жыйынтыгы жакшы чыкты», — дейт өкмөттүн пресс-катчысы Толгонай Стамалиева.

Эң көп окулган жаңылыктар